www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митинг: 120дан ашык адам жаракат менен ооруканага түштү

Бишкекте саат 24:00гө карата 120дан ашык адам жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуялар учурунда каза болгондор жок. Ал эми Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборуна 65 адам түшкөн, анын кыркы күч органдарынын кызматкерлери. Эки бейтап реанимацияга жаткырылды.

Улуттук госпиталга 40 жабырлануучу кайрылып, экөө башынан жаракат алып, реанимацияга түштү. Улуттук хирургия борборуна жети бейтап кайрылды.

Ошондой эле Бишкекте «Тез жардам» кызматынын фелдшерине кол салуу болуп, ооруканага түштү. Эки «Тез жардам» машинеси талкаланды.

Акцияга чыккандар Бишкекке чыгыш үчүн автоунааларды даярдап жатышат.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатты. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.

Катышуучулар президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имараттын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалап таркатты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости