www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элвира Сурабалдиева:

“Ата Мекен” партиясынын талапкери, депутат Элвира Сурабалдиева тартип коргоо органдарын тынч митингчилерге күч колдонду деп айыптады. Ал бир аз убакыт мурда “Фейсбук” аркылуу видео кайрылуу жасап, Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги мыйзам алдында жооп берерин эскертти.

Депутат шаарда телефон байланышы да үзгүлтүккө учурап жатканын, бийлик бүгүнкү аракеттери менен элдин ачуусуна тийип алганын кошумчалады.

“Туура эмес кылдыңар. Силер коркутуп, үркүтүп, желим октор менен балдарды канжалатып жатасыңар. Эй байкелер, эсиңерге келгиле!”, - деди Сурабалдиева.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккандар менен күч кызматкерлери кагылышып жатканы кабарланууда. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, таратууга аракет кылды.

ИИМ митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазаны сындырууга, таш ыргытып, тосмодон ашып кирүү аракетин кылганы үчүн аларды кууп таратууга туура келгенин билдирди.

6-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугушууга ниеттенип жатканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости