www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда Муттахида Мажлиси Амал партиясынын (Бириккен кыймыл кеңеши-ММА) эл өкүлү Малик Ширин Хандын митинги өтүп жатканда жарылуу болуп Хан менен катар 7 киши жаракат алды.

Полиция кызматкери Хуррам Рашид, Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарында эл өкүлдүгүнө талапкер Малик Ширин Хандын митинги өтүп жатканда мотоциклге жайгаштырылган бомбанын жардырылганын айтты.

Рашид, эл өкүлдүгүнө талапкердин унаасы бутага алынганын белгилеп: «Өзү менен бирге жаракат алган 7 киши Банну ооруканасына алып барылды. Бактыга жараша Хандын саламаттык абалы жакшы»,-деди.

Муттахида Мажлиси Амал партиясынын (Бириккен кыймыл кеңеши-ММА) жетекчиси Мевлана Фазлуррахман жана Жамааты Исламий лидери Сираж-ул Хак, кол салууну айтыптады.

Фазлуррахман жарыясында талапкерлердин коопсуздугу үчүн шайлоо мекемелеринин керектүү коопсуздук чараларын көрүшү керектигин айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости