www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетүүсүн талап кылган жана тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин өлүмү боюнча нааразылык акцияларында ондогон адамдар кармалды.Бул тууралуу казак басылмалары билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, полиция Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Орол шаарларындагы борбордук аянттарды тосуп салды. Акциянын катышуучулары “Диктатурага жол жок!”, “Чал кет!” деген чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Акцияларда жалпы-жонунан 100гө чукул адам кармалды.
Белгилей кетсек, Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизиллип, бир сутка өтүп, 25-февралда каза болуп калган. Полиция активисттин жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Informburo.kz маалымат агенттигине берген маегинде Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун айткан.
Булак: NazarNews.kg