www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду бошотууну талап кылып 2-марттагы митингге чыккандар эл арасына бүлүк салып, шаардагы жөнөкөй жашоочуларды зыянга учуратты. Бир катар имараттардын терезеси талкаланып, унаалар жапа чекти. Эң өкүнүчтүүсү, чаң-тополоң окуя чет өлкөлөргө жайылып, инвесторлорду чочутту. Көрсө, топтун арасында чагымчылдар, башаламандык уюштуруп бийликти басып алууга аракет кылгандар бар экен, алар ачыкка чыкты. Баса, митингге ажаан аялдар аралашып, алар Ак үйгө чейин келип, Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жулкулдатканын көрдүк. Бул жеткен адепсиздиктин, бети жоктуктун белгиси болду. Аял деген бизде үйдүн куту, мээримдин очогу болуп келген. Булар жалпы аялзатына сөз тийгизип, кыргыздын кадырын кемитти. Жөнөкөй кызматкерлердин жакасына асылып, желкелегенге алардын акысы жок. Мындай ээнбаш ажаандар мыйзамдын чегинде жазасын албаса, жалпы коомго залакасын тийгизет. Өз ишинен чыгып баратып, эч бир жазыксыз жулмаланган парламенттеги кызматкерлердин арасында биз тааныган жана сыйлаган Курманбек Рысбаев деген агабыз болду. Ажылдаган аялдардын атаманы анын желкесине сокту. Кыргызда аял киши эч качан эркекке кол көтөргөн эмес. Жаштарга тарбия бере турчу энелер ушинтип жатса, башкадан эмнени үмүт кылабыз? Мындай ээнбаштар катаал жазасын албаса, биздин коом ирийт.
Булак: "De-facto"