www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн БШК имаратында шайлоонун жыйынтыгына макул болбогон партиялардын митинги өттү. "Ата Мекен" партиясынын талапкери Клара Сооронкулова президент менен УКМКнын жетекчисин кызматтан алуу зарылдыгын билдирди. Ал белгилегендей, жаңы Конституцияга ылайык, президент өлкөдө болуп жаткан окуялар үчүн толук жоопкерчиликти озүнө алган.

"Президент отставкага кетиш керек. Былтыр элдин ишенимине ээ болуп бийликке келген, эми минтип шайлоону бурмалап жатат. Ал эми УКМК шайлоо системасынын коопсуздугун камсыздашы керек эле, анткени мамлекеттин коопсуздугу андан көз каранды. Эмне үчүн күнөөсүз адамдарды куугунтуктап жатат? Улуттук коопсуздук маселеси менен алектенбей жатабы?" - деп ал президенттин отставкага кетишин талап кылды.

"Биз катуу талаптарды коюп, жетекчиликтен жооп талап кылышыбыз керек. Шайлдабекова өзү эч нерсе чечпейт, жогору жактан келген буйрукту гана аткарып жатат", - деп кошумчалады Сооронкулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости