www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-ноябрда Ташкендин Сергели районунда ун чыгарган "Узмилл" компаниясынын жатаканасында өрт чыкты.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя 29-ноябрь күнү таңга маал болгонун, куткаруучулар бригадасы өрттү толугу менен жарым саат ичинде өчүрүп бүтүшкөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, өрт чыккан маалда имаратта 43 жумушчу болгон. Алардын 18и ар кандай деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жеткирилди. Ушул тапта курмандыктар жөнүндө маалымат жок.

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн Ташкен прокурорунун орун басарынын жетекчилиги алдында ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, газ куурундагы мүчүлүштүктөрдөн улам имараттын ичи иске толуп, жарылуу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости