www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Видео - Митингге катышкан жаштардын күмөндүү жүрүш-турушу

Бүгүн 14- октябрьда эски аянтта өтуп жаткан Садыр Жапаровду колдоо митингинде чогулган кишилердин арасынан айрым жаштардын өзүн алып жүрүшү бир топ күмөн жаратууда.

Буга чейин эле Садыр Жапаровдун колдоочуларынын арасынан жаштардын мүнөзү жана өзүн алып жүрүүсү элдин арасында көптөгөн ушактарды жаратып келген. Биринде, айрым жаштарды алкоголдук ичимдик ичип алып катышып жаткандыгы айтылса. Дагы биринде, айрым адамдар синтетикалык заттарды колдонуп келүүдө деп айтылат. 

Өзгөчө бүгүнкү эски аянтта аренада туруп сүйлөгөн адамдардын алдынкы катарында бир жаш мырза өзүнө айрыкча көңүл бурдуртту. Видеодо көрүнгөндөй жаш мырза өз денесин башкара албай, ашыкча толкундангандай көрүнүп, колу титиреп турганы анык көрүнөт.  

Ушул эле каарман бираз убакыттан кийин ыйлап жаткан жеринен видеого түшүп калган. Жүйөөлүү себеби жок, жөн жерден эмнеге ыйлады болду экен?.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости