www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган.

Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кылып бекитип беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Бул жыйындын күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган. Кийинчерээк өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтарган.

Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке "Ала-Тоо" аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган. Бирок эртеси айрым депутаттар анын бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулга - деп билдирди Sputnik.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости