www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кылып бекитип беришти. 

Белгилей кетсек, ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Бул жыйындын күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган. Кийинчерээк өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтарган.

Ага карабастан, бүгүн уюштурулган жыйында Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости