www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-майда күндүз жана 14-15-майда Кыргызстандын аймактарында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, өлкөдө үч күн катары менен мезгил-мезгили менен жамгыр төгүшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүүсү, кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Мындай өзгөрүлмөлүү аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындата турганы кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg