www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси эки өлкөнүн жарандуулугун алып жүрөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын августунда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси болуп Ураимов Алихан Ураимович дайындалган.
«У.А.У. Кыргызстан жана Россиянын жараны экени боюнча маалымат түшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында У.А.У. 2021-жылдын 11-январында Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулдугунун маалым катынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон.
2018-жылдын апрель айында У.А.У. КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген. Ошол учурда У.А.У. өзүнүн жеке маалыматтарында Россия Федерациясынын жарандыгы бар экенин жашырган», - деп айтылат расмий маалыматта.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат. У.А.У. 2022-жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
«Ээлеген кызматынан бошотуу үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн. Чет мамлекеттин жараны болгонун жашыруу фактысы кызматтагы ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз болуп саналат», - деп билдирди УКМК.
Булак: NazarNews.kg