www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык программасын аткаруучулардын ишин өзү координациялаган. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн башчысы Игорь Кирилловго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүнүн идеологдору Демократиялык партиянын лидерлери экени белгилүү", — деди генерал.

Анын айтымында, алгач илимий изилдөөлөрдү түздөн-түз федералдык бюджеттен каржылоо үчүн мыйзамдык база түзүлгөн. Бул үчүн мамлекеттин кепилдиги астында Демократиялык партия көзөмөлдөгөн бейөкмөт уюмдардан каражат тартышкан.

Ошентип, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама "2005-жылы Украина менен өлкөдө аскердик-биологиялык программаларды ишке ашырууну баштоо боюнча өнөктөштүк келишимдерин түзгөн". Ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон "биологиялык коркунучтарга каршы туруу боюнча америкалык стратегияны кабыл алууну демилгелеп, кош максаттуу изилдөөлөрдү мыйзамдаштырууга салым кошкон".

Ак үйдүн азыркы башчысы Джо Байден Обаманын тушунда вице-президент катары "аскердик-биологиялык программанын ишин координациялап, Украинадагы каржылык көз боёмочулукка аралашкан". Ал эми инвестор Жорж Сорос "Украинадагы аскердик биологиялык изилдөөлөрдүн башкы демөөрчүсү жана "Биг фарма" компаниясынын лоббичиси" болуп чыкты.

"Бул схемага фармацевтикалык компаниялар, анын ичинде Pfizer, Moderna, Merck, ошондой эле АКШнын аскердик департаментине караштуу Gilead компаниясы катышкан", — деп түшүндүрдү Кириллов.

Анын айтымында, бул нерсе америкалык адистерге жаңы дарыларды сыноодо эл аралык коопсуздук стандарттарын кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип Батыш компаниялары илим изилдөө программаларын ишке ашырууга кеткен чыгымдарды олуттуу кыскартып, атаандаштыкта артыкчылыктарга ээ болуп жатышат.

Буга чейин Коргоо министрлигинин адистери Мариуполдогу эки биологиялык лабораторияга барып, ал жерден документтердин шашылыш түрдө жок кылынган издерин табышкан. Маалыматка караганда, Украинада АКШнын кызыкчылыгында иштеген 30дан ашык биологиялык лабораториялардын тармагы түзүлгөн, бирок Орусиянын атайын операциясы башталгандан кийин аскердик-биологиялык программаны улантуу үчүн зарыл болгон нерселердин баары алып салынган.

Министрлик Украина чындыгында биологиялык куралдын компоненттерин иштеп чыгуу жана фармацевтиканын жаңы үлгүлөрүн сыноо үчүн Пентагондун полигону болуп калды деген тыянакка келди.

Последние новости