www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн убагы келди. Бул тууралуу CNBS телеканалына экс-президент Дональд Трамптын администрациясындагы АКШнын Каржы министрлигинин мурдагы башчысы Стивен Мнучин билдирди.
«Сүйлөшүүлөргө убакыт келгенине толук ишенем. Эң жакшысы, туруктуу элдешүү болбосо дагы, согушту токтото алабыз», - деди Мнучин.
Ал ошондой эле АКШ президенти Джо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда эки лидер маселени сүйлөшүү жолу менен чече ала турган жагдайлардын бири экенин айтты. Мындан тышкары, анын пикири боюнча, конфликттин созулуп кетишинин натыйжасында Европа орду толгус кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн.
Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков мамилелердин түп тамырынан бери карама-каршы позицияларын эске алуу менен, Орусиянын Украина маселеси боюнча АКШ менен сүйлөшө турган эч нерсеси жок экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg