www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Сириянын түндүгүндөгү антитеррордук операциянын жүрүшүндө "Ислам мамлекети" (ИМ, Орусияда тыюу салынган) террордук тобунун 11 согушкерин кармады. Бул тууралуу Түркиянын атайын кызматындагы булактарына таянуу менен Anadolu агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, согушкерлер "Евфрат калканы" операциясынын аймагында колго түшүрүлүп, анын жүрүшүндө 4000ден ашык электр жардыргычтары, ар кандай жардыргыч заттар жана ок-дарылар алынган.
Согушкерлер сурак маалында Сириянын түндүк-чыгышындагы Гувайран түрмөсүнө ИШИМдин кийинки чабуулу үчүн курал-жарак бергенин моюнга алышкан.
Буга чейин "Биз Орусия мененбиз" кыймылынын төрагасы Владимир Рогов Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабында түрдүү эл аралык террористтик уюмдардын араб жалданмалары согушуп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg