www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда чектелген мобилизация жарыялангандан кийин кыска убакыт ичинде орус жарандары визасыз бара ала турган өлкөлөргө авиабилеттер сатылып кетти. "Вёрстка" басылмасы 21-сентябрга Москва–Ыстамбул жана Москва–Ереван түз каттамдарына билеттер бир нече сааттын ичинде толук сатылып кеткенин жазды.

"Аэрофлоттун" сайтында 21-сентябрга Москва-Минск каттамына билеттер жок калып, 22-сентябрга эконом-класска 43 106 рублден (адаттагы баасынан дээрлик 10 эсе кымбат), бизнес-класска 106 631 рублден сатылууда. Жарандар аларды да тездик менен сатып алып жатышат.

Азырынча Беларус Орусиянын жарандары үчүн "ачык терезе" бойдон калууда – алар бул өлкөгө ички паспорттору менен кирсе болот. Мындан тышкары орусиялыктар Беларуска автобус же жеке автоунаа менен барган учурда алар үчүн чек ара көзөмөлү жок. Орус жарандарынын документтери алар учуп барганда гана транспорттук компаниялардын кызматкерлери тарабынан текшерилет.

Орусиядан Беларуска азырынча поезд же автобус каттамдарына билет сатып алса болот.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин "мобилизация", "аскердик абал", "аскердик мезгил" деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости