www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Замандаш” партиясынын мурунку лидери Жеңиш Молдокматов партиянын лидерлигин расмий түрдө өткөрүп берди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Молдокматовдун айтымында, ал партиянын жаңы лидери Өмүракунов Аскарбекке тапшырган.

«Замандаш» партиясы чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген «Замандаш» ассоциациясынын негизинде 2007-жылы түзүлгөн. Ошол эле жылдан тартып жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып келе жатат.

Партиянын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракунов 2011-жылы, 46 жашында кырсыктан улам көз жумган. Аскарбек Өмүракунов анын уулу.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости