www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдовада Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу молдовалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Орусиянын теле-радио жаңылыктар программасына тыюу салган мыйзамга Молдова парламентинин төрагасы Андриан Канду кол койгон.
Жаңы мыйзам боюнча Молдовада Европа конвенциясына кошулбаган өлкөлөрдө чыгарылган маалымат-аналитикалык, аскердик жана саясий программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат. Ал конвенцияга кошулбаган өлкөлөргө Орусия да кирет. Молдовада Орусиянын көңүл ачуучу жана башка жеңил программаларын алып көрсөтүүгө уруксат берилет.
Айта кетсек, буга чейин "Чет элдик үгүткө каршы күрөш жөнүндө" мыйзамды эки жолу артка кайтарганы үчүн өлкө башчысы Игорь Додонун ыйгарым укуктарын Конституциялык сот убактылуу токтоткон.
Булак: NazarNews.kg