www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдова мамлекеттик тилин румин тилине алмаштырды

Молдованын президенти Майя Санду шаршемби күнү, 22-мартта өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тилди молдаван тилинен румын тилине өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койду, деп билдирет DW.

Конституцияда, бардык мыйзамдарда жана мыйзам алдындагы актыларда формулировкалар алмаштырылат. Буга чейин бул чечимди Молдова парламенти бекиткен.

Санду өзүнүн Фейсбук баракчасында молдовандар "дүйнө жүзү боюнча 27 миллиондон ашык адам менен бирге Евробиримдиктин расмий тилдеринин бири болгон румын тилинде сүйлөшөт" деп жазган.

«Биз, Молдова Республикасынын жарандары, румын тилинде эмес, «молдован» тилинде сүйлөшөбүз деп ондогон жылдар бою айтып келгендер бир гана максатты көздөшкөн: бизди бөлүп-жаруу», - деп баса белгиледи президент.

Молдован тили өзүнчө тилби же румын тилинин башкача аталышыбы деген талаш өлкөдө эгемендүүлүк алгандан бери басаңдай элек. 2013-жылы Молдованын Конституциялык соту румын тилин өлкөнүн мамлекеттик тили деп тааныган. Эми киргизилген өзгөртүүлөр Молдованын мыйзамдарын Конституциялык соттун бул чечимине ылайык келтирет, ал милдеттүү болгон, бирок аткарылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости