www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдовановкада колонияга баңгизатын киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-октябрда саат 17:00 чамасында Жаза аткаруу кызматынын Молдовановка айылында жайгашкан №1 мекемесине 1992-жылы туулган А.У.А. жана 1990-жылы туулган А.Д.К. аттуу кыргыз жарандары жалпы салмагы 76 граммды түзгөн, гашишке окшош кара куурай жыты бар кочкул жашыл затты скотч менен ороп, киргизүүнү көздөшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүүлөр кармалды.

Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости