www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын биринчи күзгү кары 8-октябрда Аршан шаарына (АР Ички Монголия, Түндүк Кытай) түштү. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.

Суук фронттун кесепетинен улам калың жааган кар жергиликтүү токойлорду жана адырларды аппак жуурканга оролгон. Кышкы жомоктун укмуштуудай көрүнүштөрү көптөгөн жергиликтүү тургундарды жана туристтерди өзүнө тартып, аларды суктандырган.

"Кечээ түштөн кийин бул жерге келгенде Аршан дагы эле алтындай эле, күзгү абдан кооз пейзаж экен. Кечээ башталган калың кар бизди таң калтырды. Күзгү Аршан абдан кооз, кардан кийин андан да кооз болуп калды", - дейт турист — деди Тун Туя.

Белгилей кетсек, Аршан улуттук геопаркы 2017-жылы Парижде өткөн ЮНЕСКОнун Аткаруу кеңешинин жыйынында Дүйнөлүк геопарктар тармагына киргизилген.

Парк мөңгү жана жанар тоо рельефи, кенен токойлор жана талаалар, ошондой эле ысык булактар, дарыялар жана көлдөр менен мүнөздөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости