www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мөлтүлдөйт кыргыз сымабы

Кыргызстандын Түштүгүндөгү Кадамжай сурма жана Айдаркен сымап комбинаттары Союздун учурунда Ош областынын бюджетинин 70 пайызын толтуруп даңкы далайга кеткен түстүү металлургия тармагынын ири ишканаларынан эле. Эки ишкана тең Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланып, республикалык, союздук мелдештерде алдыңкы орунга чыгышып, Ардак такталарга жазылып келишкен.

Улуу Союз ураган соң менин жеке баамымда биздин ушундай алдыңкы ишканаларга чет элдик ниети кара адамдар суук көзүн артышып, ар кандай эл аралык уюмдарга жамынып алышып, ПЕСАК, ХИПИК деген программаларды ойлоп табышып ондогон өнөр жай ишканаларын аста-секин талкалап салышты. Тымызын жүргүзүлгөн мындай кара ниет иштердин акыбетинде Кыргызстандын өнөр жайы эң төмөнкү деңгээлге түшүп калды. Миңдеген адамдар эмгектенишкен уникалдуу завод-фабрикалар акырындап жок болду. Талкаланды, тонолду. Бул ички жана сырткы душмандарыбыздын мамлекетке, элге каршы тымызын талкалоо саясаты эле.

Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктиктеги тоо арасында жайгашкан Айдаркен сымап комбинатынын тарыхы Улуу Ата мекендик согуштун жылдары менен удаалаш башталат. Бул жерге 1941-жылы Украинанын Донецк областынын Никитовка шаарынан сымап комбинаты эвакуцияланып келет. Ал оболу № 5 ишкана деп аталган. Бул жерде илгертен сымап кени бар экени белгилүү болчу. Ошондуктан боордош Украинадан көчүрүлүп келген комбинат кыска аралыкта эле согуштук техникаларга керектүү металлды, жер астында сүзүүчү кемелерге сыр-боекторду, патронго, энергетика, байланыш тармагына зарыл компонеттерди чыгара баштайт. Сымап металлы өзүнүн актуалдуулугун, баалуулугун дагы эле жогото элек. СССРдин мезгилинде бул жерде жүздөгөн мыкты кадрлар иштешип улуттук кадрларды даярдоого үлкөн жардам беришкен. Айдаркен сымап комбинатында Социалисттик Эмгектин Баатыры Орозбай Маканов, Ленин орденинин кавалери Баатырбек Садыков баштаган легендарлуу кенчилер иштешкен. Шаарчадагы маданият үйү, оорукана, профилакторий, башкы кеңсе, конок үйү, көмөкчү чарба, түрдүү бөлүмдөр тоо койнундагы аймактын ажарын ачып, поселокту ар тараптан жабдып, кам көрүп турган. 1995-жылдан тартып ишкана эл аралык ПЕСАК программасына киргизилди.

Эми ошондой атагы алыска кеткен ишкананын бүгүнкү абалы кандай? Келечеги барбы? Ушул соболдордун тегерегинде комбинатта Фрунзедеги политехникалык институтту ийгиликтүү аяктагандан бери кырк жыл бою үзүрлүү иштеп келе жаткан башкы директор Толубай Салиев жана башкы инженер Сайпидин Эрдөөлөтов менен баарлашып отурдук. Абал чындыгында татаал. Негизги сырьесу өзүнөн чыккан бул ишкананын кризиске кабылышына 2009-жылдын 18-июнунда шахтыда авария болуп кенди суу басып кетиши себеп болду. Анткени сымап өндүрүлчү кен суу астында калып аябай оор кырдаал түзүлгөн эле. Бирок комбинаттын адистери, жумушчулары кризистен чыгуунун жолдорун табууга умтулушту.

2017-жылдын 14-июлунда комбинат «Север сталь» жоопкерчилиги чектелген кому менен «Новое» кенин коплекстүү иштетүү боюнча инвестициялык долбоор келишимине кол коет. Анда жоголуп бараткан ишкананы жандандыруу боюнча 7 млн. долларды тартуу боюнча аракеттер башталат. Андан бери кандай өзгөрүүлөр болду? Мындан туура жарым кылым мурда курулган кенди байытуучу фабриканын жабдуулары эскирип жарактан чыга баштаган эле. Эми акырындап аларды жаңылоо колго алынды. Жалпы аянты 3000 чарчы метр жер оңдолду. Металлургиялык заводдогу № 3 меш реконструкцияланып сыноого даяр турат. «Западная» шахтасындагы сууларды сордуруп чыгаруу максатында Россия Федерациясынан кубаттуу заманбап насостор алынып келди. 2017-жылдын 25-декабрынан тартып шахтыдагы сууларды сыртка чыгаруу башталды. Азыркы күндөрдө суу 1572 метрге чейин сордурулуп, «Западная» шахтасынын 2-горизонту үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып иштей баштады. Демек комбинатта жумуш кайрадан жанданып товардык продукцияны өндүрүү жөнгө салынды. № 47 штольнаядагы суулар толугу менен сыртка чыгарылды. Баса белгилей кетчү жагдай, жер астынан сордурулган суулар түтүктөрдө шаарчанын тегерегиндеги Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Ормош, Сур, Эшме жана Чечме айылдарындагы калктын өздүк огороддору менен үлүш жерлерине берилүүдө.

Кенди байытуучу фабрикадагы эки тегирмендин капиталдык ремонту аяктоодо. Он флотомашина алмаштырылды. Эски жабдуулар жаңыланып иштей баштады. «Север сталь» жоопкерчилиги чектелген кому дүйнөдөгү алдыңкы технологияны колдонуу менен түстүү металлды алуу эки эсеге жакшырды. Сурма менен сымапты өзүнчө бөлүп алуу боюнча дүйнөдө теңдеши жок технология ишке киргизилүүдө. Ата мекендик бул инвестор өндүрүштү жандандырып гана тим болбостон жумушчулар менен инженер-техник кызматкерлердин айлык маяналарын толук берүү, салык жана социалдык төлөмдөрдү толтуруу, энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча да чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Мунун баары ушул шаарчада жашаган тургундардын, бөтөнчө комбинаттын жамаатынын колдоп кубаттоосуна алынууда.

2017-жылы ишканада 5,9 млн. сомдук товардык продукция өндүрүлдү. Ал эми 2018-жылдын алты айында 28,7 млн. сомдук көлөмдөгү продукция чыгарылды. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 140 млн. сомдук товардык продукция алынат. Же 20 тонна сымап, 104 тонна сурма жана бир топ концентрат өндүрүлөт. Кенди казгандан тартып даяр продукцияга чейинки толук циклди аткарган айдаркендик сымапчылардын албан аракеттери ар тараптан колдоого арзыйт. Алардын аруу ниетине, аракетине тымызын бут тоспостон колдоп кубаттап турсак, мамлекеттик деңгээлде жардам берилсе абал дагы да жакшырып, Айдаркен шаарчасы баякы калыбына, гүлдөгөн дооруна кайта баштайбы деген асыл үмүт бар. Өлкөбүздөгү тоо кен өнөр жай ишканаларынын алдыңкы сабында бара жаткан айдаркендик кенчилерге албан ийгиликтерди каалайбыз! Өнөр жайы өнүкмөйүн мамлекетибизде өсүш болушу кыйын. Ушуну унутпасак.

Адылжан Жажанов

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости