www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк “Финанс Креди Строй” микрокредиттик компаниясынын лицензиясын (эсептик каттоо күбөлүгү) кайра кайтарып алды. Буга анын мыйзам талаптарын бузгандыгы жана Улуттук банктын эскертүүлөрүн кенебегендиги себеп болгон. Улуттук банктан белгилешкендей, аталган компания эми кайра лицензия ала албайт, демек ал ишмердигин токтотот.

“Финанс Кредит Строй” микрокредиттик компаниясы 2012-жылдын 20-декабрында түзүлгөн, ээси Суракматова Гульбара Эмильбековна. Ал Бишкек шаарынын мэрлигине аттанып жаткан жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун эжеси жана суракматовдордун бир нече курулуш фирмаларынын, кыймылсыз мүлк агенттиктеринин орток түзүүчүсү.

Ал эми суракматовдорго тиешелүү дагы бир фирма (болжол менен “Елизавета” курулуш компаниясы) “Россия” кинотеатрынын жанында көп кабаттуу имарат куруп жатканын, курулуш иштери мыйзам бузуулар менен коштолгонун укук коргоочу Калича Умуралиева кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости