www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, социалдык тармакта будуң-чаң болду. 20 жаштардагы белгисиз адам болжол менен жашы жете элек өспүрүмдү зордуктап жаткан видеотасма тараган. Бул ыплас иш мончодо болгон, бирок качан тартылганы белгисиз. Аталган видеотасма коомдук резонанс жаратып, коомчулук арасында нааразычылык жараткан.
Мончодогу видеонун толук тасмасы NazarNews маалымат агенттигине келип түштү. Бактыга жараша эки эркектин мончодогу ызы-чуусу башка улуттагылар. Тактап айтканда, окуя Кыргызстанда болгон эмес. Бир нече саат мурун ИИМдин Баcма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов чуулгандуу видеотасма боюнча кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.
Урматтуу достор! Кыргызстандыктар!
Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провакацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видео роликтеги окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды.
Экинчиден аталган видеоролик бир эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз.
Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат болот тургандыгын билдиремин, - деди Бакыт Сеитов.
Булак: NazarNews.kg