www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголияда 2025-жылга карата иш кагаздарын эски монгол жазмасына өткөрүү пландалууда. 28 тамгадан турган жана жогору жактан төмөндү көздөй жазылган ал жазма 1991-жылдан бери өлкөнүн жалпы билим берүү мектептеринде өз алдынча сабак катары өтүлүп келет.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, эски монгол жазмасы Чынгызхандын буйругу менен уйгур арибинин негизинде түзүлгөн. Орто кылымдарда эски монгол арибинде «Жашыруун жылнама», «Алтын жылнама», «Баалуулуктар кенчи» аттуу эмгектер, ошондой эле «Ганжур» жана «Данжур» деген ыйык будда китептери жазылган.

Монголиянын кириллицага негизделген азыркыжазмасы 1940-жылы, Борбор Азиядагы советтик республикалардын ариби менен бир убакта кабыл алынган.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости