www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монголия өзүнүн «Мазаалай» деген биринчи спутнигин космоско учурду. Улан-Батордун жергиликтүү убактысы боюнча саат 05:50дө АКШда жайгашкан Кеннеди космостук борборунан учурган.
Спутникти орбитага “SpaceX” компаниясынын Falcon-9 ракетасы чыгарды. Бул спутниктин кое берилиши Монголия үчүн өз алдынча космостук изилдөө жүргүзүүгө, табийгат кырсыктарын алдын алууга, “Мазаалай” тарткан фотосүрөттөрдүн негизинде мурдагыдан да так географиялык картаны түзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып олтурат.
Спутник Монголиянын мамлекеттик университетинин окумуштуулары, профессорлору жана студенттери тарабынан Жапонияда жайгашкан Кюсю технологиялык университети менен бирдикте жасалган. Долбоордун мүчөлөрүнүн айтуусу боюнча, экинчи монгол спутнигин учуруу 2019-жылга болжолдонууда.
Булак: NazarNews.kg