www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголиядагы чума дарты тездик менен Кытайга жетти

Монголияда пайда болгон чума оорусу эми Кытайдын түндүгүнө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын түндүгүндөгү ички Монголия автономиялык районундагы Баян-Нур округунун бийлиги 5-июлда чума (кара тумоонун) белгилери бар бейтаптын жергиликтүү ооруканадан жардам суроосунан кийин эпидемиологиялык коркунучтун күчөгөндүгүн жарыялады.

Жергиликтүү бийлик бул оорунун адамдан адамга жугуштуу экенин эскертти. Андыктан бийлик элди аңчылык кылбоого жана оору алып жүрүшү мүмкүн болгон жаныбарлардын этин пайдаланбоого чакырды.

Эске салсак, буга чейин Монголиянын батышында чума дарты катталгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Оорунун эки учуру катталган аймакта карантин киргизилип, унаалардын регионго киришине жана чыгышына убактылуу чектөө киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости