www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн пара алып жаткан жеринен кармалган Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасынын хансарайынын сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү VB.kg жарыялады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 11-сентябрда Ж.З. аттуу жаран кайрылган. Анын арызынын негизинде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (“Пара талап кылуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча Ж.З. аттуу жарандан пара талап кылганы такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 14-сентябрь күнү А.Ж.С. акчаны алып жаткан жеринен кармалган.

УКМК райондук соттун төрагасы канча суммада пара талап кылганын айткан жок. Тергөө иштери жүрүүдө. Бул үйгө судьянын айлыгы жетмек эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости