www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз убагында көмүр менен камсыз кылбагандыгына байланыштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына төрт жолу эскертме берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, эскертмелер 2021-жылдын июнь айынан бери берилип келген. "Тилекке каршы, алар кайсы бир себептерден улам ушундай ишке барган. Бирок бүгүнкү күндө кырдаал туруктуу. Көмүрдүн көлөмү жетиштүү", - дейт ал.

Тайлаков көмүр сатууда жеке субъектилер тарабынан мыйзам бузуунун 197 учуру катталганын белгилейт.

"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан аларга Бузуулар кодексинин негизинде 36 айып салынды. Ошондой эле, Казакстандан көмүр ташып келген тараптар менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп, ички рынокто ал көмүрдүн көлөмүн көбөйттүк, баасы 4 миң 500 сомдон ашкан жок", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости