www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда коронавирустун "омикрон" штаммынын ВА.2 деген түрүн жуктургандар катталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова COVID-19 менен күрөшүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

Вирустун жаңы түрү Москвада, Марий Эл Республикасында, Ростов облусунда жана Башкортостанда катталган. Попованын айтымында, бир нече өлкөдө "омикрондун" бул түрү тездик менен тарап жатканы маалымдалууда.

Эске салсак, "омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасында табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (мисалга, ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.

Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак менен баш ооруп, мурун бүтөөрүн белгилейт.

Учурда бул вирус дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекетине жайылып кетти. Кыргызстанда аны 12-январь күнү аныкташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости