www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго чара колдонууну талап кылды. Эл өкүлү Нурлан Шакиев - аткаминер өз интервьюларында парламенттин дарегине катуу сынды шакаба катары айтканына нааразы. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасаш керек дейт Шакиев.

"Эдил Байсаловдун биздин парламентке ыксыз, обу жок, шакаба, шылдың сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Бизге акыл үйрөтүп, парламент кандай иштеш керектигин үйрөтө турган ал жигит эмес. Капталдан чыккан балакай баатыр боло бербесин. Парламенттин ички иши, регламенти бар. Эл шайлаган депутаттар отурат бул жерде, биздин үстүбүздөн шылдыңдап күлгөнгө эч кандай этика дагы жол бербейт. Биз ага катуу эскертүү берип, сабак окутуп коюшубуз керек", — деди Шакиев.

Мындан улам депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Байсаловду тартипке чакырып коюуну талап кылды. Анын пикирин кесиптеши Исхак Масалиев дагы кубаттап, Байсаловго чара колдонуу керектигин айтты.

Ал эми Өмүрбек Бакиров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өзүн пиарлабай, негизги жумушун аткарсын деп чакырды. Андан көрө өзү тейлеген социалдык сектордогу маселелерди чечүү менен алектениш керек деди ал.

Андан соң төрага Талант Мамытов президенттин өкүлүнө кайрылып, бул маселе боюнча кийинки жыйында расмий жооп керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости