www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва Евробиримдиктин саясатында Украинадагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу боюнча эч кандай өзгөрүү жок деп эсептейт. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков тбилдирди.

"Жок, биз антип ойлобойбуз", - деди Песков, Москва украин чатагын дипломатиялык жол менен жөнгө салууга карата европалык позицияда жылыш бар деп эсептейби деген суроого жооп берип жатып.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусия менен түз диалогду улантууну жактап, орус тарапка коопсуздук кепилдигин берүү зарылдыгын мойнуна алган.

5-декабрда француз лидери Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун жалгыз жолу сүйлөшүү болорун билдирген.

Макрондун айтымында, дипломатия багытындагы чечимди Украина эли өзү кабыл алышы керек.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский союздаштарынан Москванын түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалагандыгы тууралуу сигнал алганын айткан. Ал Орусия менен тынчтыкты "көшөгө артында" талкуулоо ниети жок экенин баса белгиледи.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости