www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги СИЗО-1де жаткан активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кетти. Бул тууралуу Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Рита Карасартованын моюнунун лимфа бездери сезгенип, калкан безинде көйгөй бар. «Ал бул абалда жата берсе астмасы кармай баштайт. Рита алсыз болуп, бир нерсеге нааразы болгонго көнгөн эмес, балким, ал чыдап, күчтүү болууга аракет кылат. Бирок бул тамаша эмес, коркунучтуу! Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон жана Акыйкатчы институтунан Рита Рахмановнага барып, ооруканага жаткырууга көмөктөшүүнү суранам», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек 23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам камакка алынган. Арасында саясатчы, укук коргоочу жана активисттер бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости