www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 5-апрелдин таңында мигранттар жашаган чатырда өрт чыгып, бир адам тышка чыга албай калган.
Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге чыгып кетишкенин билдирди.
Буга чейин 30-мартта жумушчулар жашаган жети чатыр өрт чыгып, иштегендердин кийим-кечеси, документтери өрттөнүп, үч адам жабыркаганы маалым болгон. Кыргызстандыктар миңдеген мигрант иштеген жайда коронавируска байланыштуу санитардык коопсуздук, өрт өчүрүү жана тез жардам көрсөтүү каралбагандыгын белгилешкен.
Москвадагы кыргыз элчилиги өрттөн кыргыз жарандары жабыркабаганын, ал эми документсиз калган жети жаранга укуктук жардам көрсөтүлө баштаганын билдирген.
Москвада жаңы инфекциялык оорукананы КМШ өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигрант куруп жатат. Расмий маалыматка караганда курулушка алты миңден сегиз миңге чейин жумушчу тартылганы кабарланган. Мекендештердин айтымында, алардын эки миңдейи кыргызстандыктар.
Москвадан 30 чакырым жерде жайгашкан Голохвастово кыштагында коронавирус жуккандар үчүн оорукананын курулушу 12-мартта башталган. 43 гектар аймакта жалпы аянты 70 миң чарчы метрден ашкан 500 орундук бейтапкана курулуп жатат. Москванын мэри Сергей Собянин аны бир айда бүтүрүүгө убада берген.
Булак: NazarNews.kg