www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Аскердик прокуратурасы Кара деңизде кыйраган "Москва" крейсеринде дайынсыз жоголгон жоокер Егор Шкребецтин атасы Дмитрий Шкребецке аталган кеме "Украинадагы атайын операцияга катышпаганын жана уулу кабарсыз кетип калгандардын катарында экенин" билдирди. Бул тууралуу Шкребец өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
13-апрелде Украина Кара деңизде жүргөн "Москва" крейсерине ракеталык чабуул жасаганын жана крейсерде өрт чыкканын жарыялаган. Бул болжолдуу түрдө Одессадан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара деңизде болгон. Маалыматты 14-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, бирок ал кеменин өзүндөгү кокустуктан улам өрт чыкканын тактаган. Кийин орусиялык мекеме аскердик кеме деңизге чөгүп кеткенин моюнга алган.
Ар кайсы эсептер боюнча "Москва" крейсеринин экипажы 416 адамдан 680 адамга чейин жеткен. Алардын көбү милдеттүү аскердик кызмат өтөөгө келген жоокерлер болуп чыккан.
Булак: NazarNews.kg