www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Москва облусунда 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынбагандарга айып салына баштайт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Москва облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, полиция, МАИ, башка укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар бул жаңы эреженин сакталышын көзөмөлдөп турушат. Алар медициналык бет кап кийүүгө кеңеш берип, антисептикалык каражаттарды колдонуп жүрүүнү түшүндүрүшөт. 12-майдан тарта медициналык бет кап тагынуу милдеттүү болот жана бет каптын жоктугу үчүн айып салына баштайт.
Облустун басма сөз кызматынан билдиргендей, Москванын административдик кодексине ылайык, эреже бузгандарга 4 миң рубль айып салынат.
Акыркы маалыматтар боюнча, Россияда 124 миң 54 адамдан инфекция аныкталды. 1 миң 222 адам каза болсо, 15 миң 13 бейтап айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg