www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунда бүгүн, 2-майда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-май күнү саат 18:30дар чамасында Лейлек районунун Исфана шаарында жаап өткөн мөндүрдүн кесепетинен Восточный көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 19:00дө ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнөн 3 кызматкер чыгып кеткен.

"Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен Лейлек районуна министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жөнөп кетти. Министр абалды жеке көзөмөлүнө алды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости