www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада 16 жаштагы Кыргызстандын тургуну жаңы төрөлгөн ымыркайын  подъезге таштап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде орус басылмалары полицияга таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери баланы Москванын Муса Жалил көчөсүнөн табышкан. Ташталган ымыркайдын төрөлгөнүнө бир күн эле болгон. Учурда бала ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле ымыркайдын апасы Москвадагы үйлөрдүн биринде каттоосу жок жашап жүргөн. Ал дагы изделип ооруканга жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости