www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада эки күн катары менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы пикеттер өтүүдө. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди. 

Баш мыйзамдагы толуктоолорго ылайык, азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

"МБХ медиа" басылмасынын билдиришинче, Путиндин бийлигинин узурпациясына каршы 100дөн ашуун киши чогулду. Акция бир күн мурдагыдай эле князь Владимирдин эсетилигин алдында өттү. Окуя болгон жерде ондон ашык полиция кызматкерлери иштеп, үч автобус жана эки жеңил машине нөөмөттө турду. Тартип сакчылары нааразылыкка чыккандардын жеке маалыматтарын каттап алышты.

10-мартта ”Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Валентина Терешкова Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен бирге Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууну сунуштаган. Андан көп өтпөй Думага президент өзү келген. Ал Терешкованын сунушун жактырып, бирок Конституциялык сот оң бүтүм чыгарып бериши зарыл экенин билдирген.

Ага улай Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды. Документти 160 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Дагы үч депутат добуш берген жок.

Эми ал 22-апрелде жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Эгер орусиялыктар да макул болсо, Конституциялык сот карап чыгып, өз чечимин чыгарат.

Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айткан. Ошол эле күнү анын жарлыгы менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости