www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва облусунда кармалган сексуалдык маньяк кыргыз жараны экени айтылууда. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын айтымында, бир нече күндөн бери Медведков жана Мытищи аймагынын жашоочулары маньяк тууралуу сөздөрдү угуп кооптоно башташкан.

"Полиция төрт кызды зордуктаган кишиге издөө жарыялап, жыйынтыгында шектүү адамды кармаган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, кылмышка шектүү адам төрт кызга тең бир жерде Мытищи районундагы “Ашан” дүкөнүнүн алдында кол салып, тоноп, токойго алып барып зордуктаган. Ошондой эле кармалган жаран бул иште жалгыз эместигин айтып, башка бирөөлөрдүн да бар экенин айтып жатат”, - деп жазылат маалыматта.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости