www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада COVID күч алып бир апталык локдаун жарыяланды

Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди. 

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

"Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости