www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2-майга караган түнү Россиянын Москва шаары менен Москва облусунда кар жаады. Кардын калыңдыгынан дарактар кулап, жолдордо тыгындар пайда болду.
Метеоролог Евгений Тишковец өзүнүн телеграм-каналында Москвада түн жарымында «нөшөрлөп кар жааганын» жазган.
Муну менен Москвада 116 жылдык жаан-чачындын рекорду жаңыланды. Өткөн түнү ВДНХ жана Балчуг метеорологиялык станцияларында дагы 14 мм жаан-чачын болуп, бул май айындагы норманын 22%ын түздү.
Синоптиктердин айтымында, 3-майда түш ченде жаан-чачын токтойт. Бирок түнкүсүн үшүк жүрүп, унаа жолдор тайгалак болот.