www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада катуу шамалдан жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу 30-майда Орусиядагы Кыргыз элчилиги кабарлады.

"2017-жылдын 29-майында Москва шаарында жана Москва облусунда болгон катуу шамалдан каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экени такталган. Ал эми жабыр тарткандардын арасында Кыргыз Республикасынын 33 жана 35 жаштагы эки жараны бар. Алар ооруканага жеткирилген. Мекендешибиз Ж.А. дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө чыгарылса, ал эми экинчи жарандын (А.Н.) абалы орточо оор", - деп билдирди элчилик өкүлү.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости