www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарынын Люблино районунда суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

"Элчиликтин кызматкери каза болгон балдардын жакындары менен байланышта жана иш берүүчү менен жолугуп, алардын укуктарын коргоо, анын ичинде компенсация төлөтүп берүү боюнча иштерди жүргүздү. Маркумдардын сөөгү мекенге жөнөтүлдү", - деп билдиришти элчиликтен.

7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жаткан 13 адамды суу агызып кеткен. Анын бешөө өз алдынча чыгып, беш кишини куткаруучулар алып чыккан жана дагы үч адам дайынсыз жоголгон.

Кийинчерээк жоголгон үч адамдын жансыз денеси табылган. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон. Кийинчерээк каза болгон Кыргыз жараны 20 жана 23 жаштагы жигиттер экени белгилүү болгон. Булак: NazarNews.kg

Последние новости