www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусунда Улуттук гвардиянын бир жоокери бороон учурунда каза болду. Бул тууралуу 10-августта Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 9-август күнү кечинде Алматы облусундагы 5574 аскер бөлүгүнүн окуу борборунда болгон. Бул жерде бөлүктүн биринчи батальонунун жеке курамы даярдыктан өтүп жаткан.

"9-августа болжол менен саат 20:55те катуу бороон башталып, анын кесепетинен чатырлар кулай баштаган. Катардагы жоокер А.Н.Шахимов коопсуз жерге көчүүгө жардам берип жүрүп, палаткадан чыккан кезде анын темир каркасы башына тийип, жаракат алган", - деп айтылат билдирүүдө.

Жоокерге токтоосуз түрдө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң ал ооруканага жеткирилип, ошол жерде көз жумган.

Маалыматка караганда, 19 жаштагы Шахимов быйыл жазында аскерге чакырылган.

Жыл башынан бери Казакстанда ондой жоокердин өлгөнү белгилүү болду. Көп учурда буга аскердеги үстөмдүк, өкүм зордук себеп болору айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости