www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Толтоев убагында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болгон.

Бүгүн, 10-август күнү Эрнис Толтоев өкүлчүлүктүн эмгек жамаатына тааныштырылган.

Эрнис Толтоевдин өмүр баяны:

1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы

Билими: жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2009-жыл – Ош шаардык мэриясы жетектөөчү адис;

2010-2011-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис, маалымат катчы;

2011-2012-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, башкы адис;

2012-2013-жылдар – өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

2013-2016-жылдар – Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;

2016-жыл – Ош шаардык кеңешинин депутаты;

2016-2017-жылдар – премьер-министрдин жардамчысы;

2017-жылдар – өкмөттүн аппараты, премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобу, эксперт;

2017-2020-жылдар – президенттин аппараты, президенттин жардамчысы;

2022-жыл 10-августунан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Последние новости