www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай РИИБне акыркы бир ай аралыгында "Умра" кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн. Бул тууралуу ОИИБдин басма сьз кызматы билдирди.

Бул арыздар Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын негизинде 2022-жылдын 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып,  кармалды.

 Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган А.Б. 20адамдын ар биринен 75000сомдон акча алып жүргөнү белгилүү болду.

 Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Урматтуу жарандар дагы кимдир бирөө акчасын алданып берген болсо, Кадамжай РИИБне кайрылсаңыздар болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости