www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл кыргыздын көрүнүктүү тарыхый инсаны Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде майрамдалганы турат. Бул мааракени утурлай доцент, тарых илимдеринин кандидаты, Этнология институтунун директору Табылды Акеров биздин гезиттин окурмандарына Байтик Баатыр тууралуу мурда айтылбаган айрым тарыхый маалыматтарды ачыктап айтып берди.

Даанышман-агартуучу

Байтик Канай уулу солто уруусунун көрүнүктүү бийи, XIX кылымдын улуу инсаны, түндүк кыргыздарынын бирден-бир лидери, Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы элдик-боштондук кыймылынын жетекчиси жана кыргыз элин азаттыкка чыгаруу үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыры катары таанымал. Аны курч мүнөзгө, темирдей кайратка эгедер, тубаса дипломат, даанышман-агартуучу катары билишкен. Бирок, тилекке каршы, Совет доорундагы таптык идеологиянын үстөмдүгүнө жана кыргыз бийлигинин саясий эркинин жетпегендигине байланыштуу жалаң эле кыргыз эли эмес, жалпы Орто Азия элдерине азаттыктын жарчысы катары таанымал болгон кадырлуу атабыз Байтик Канай уулу али да кыргыз тарыхында өзүнүн татыктуу ордун таба албай келет.

Элдин азаттыкка чыгышына салым кошкон

Байтик баатыр бийликке келээри менен өзүнүн атасы Канайдын саясатын улап, кыргыз элин Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутултууга аракеттенген.

Байтик Канай уулу 1862-жылы Орто Азияда биринчилерден болуп, Кокон бийлигине каршы элди көтөрүп, Пишпек чебинин башчысы Рахматулла датканы солто уруусунун жигиттери – Корчу, Дуулат, Көкүм жана Макеш менен биргеликте өлтүрүп, элдик боштондук кыймылына жол ачкан. Ал Рахматулла өлтүрүлөрү менен сарыбагыштардын манабы Жантайга кайрылып, Верныйда олтурган генерал Колпаковскийден жардам сурап, элибиздин азаттыкка чыгышына чоң салым кошкон. Ошол согушта Байтик эрдиги үчүн «баатыр» наамын алууга жетишкен.

Байтик баатыр башында турган кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү бүтүндөй Орто Азия элдери үчүн зор тарыхый мааниге ээ окуялардан болуп калган. Пишпек, Токмок чептери кулагандан соң, Кокон чептери биринин артынан бири кулай баштаган. Байтик баатыр Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя-Ата, Мерке, Чымкентти бошотууга активдүү катышкан. Байтик баатырды дайыма кыргыз урууларынын жигиттери коштоп жүргөн. Сарымсак бий ага миң жигитин кошуп берген.

Тарыхый маданий мурас катары сакталышы керек

Байтик баатыр өзгөчө Чүйдө өтө таасирлүү болуп, сый-урматка эгедер болгон. Ошол кездеги «Туркестанские ведомости» гезитине «Байтик баатыр» аттуу макала жарыяланып, анын ишмердүүлүгү баяндалган. Байтик баатыр 1867-жылдын январында Орто Азия элдеринин өкүлдөрүнүн курамында кара кыргыздардын солто, саяк, сарыбагыш, багыш, кушчу, саруу, ж.б. урууларынын атынан, өкүл катары орус падышасынын ордосуна барып император Александр IIнин Санк-Петербургда такка отуруу аземине катышкан. Байтик баатырдын эл аралык байланышты чыңдоого кошкон салымы үчүн Орусия империясынын атынан ага капитан аскердик даражасы ыйгарылып, «Анна» тасмасына тагылуучу «Чоң алтын медаль», 3-даражадагы «Ыйык Станислав» ордени, каухар чегерилген алтын шакек, алтын жалатылган чепкен жана кылыч менен сыйланган.

Байтик баатыр Боз-Бөлтөк тоосунун ылдыйкы бөлүгүндөгү атасы Канайдын журтуна караштуу жерде 1822-жылы жарык дүйнөгө келген. Боз-Бөлтөктүн этегинде Байтик айылы, ага жакынкы солто уруусуна таандык көрүстөндө баатырдын кабыры жаткан жайы, XVIII – XIX кылымдардын архитектуралык курулуш ассамблеясына мүнөздүү анын Күмбөзү – Мавзолей-комплекс катары, тарыхый-маданий мурас катары таанылган. Ушул эле жерде анын жакын туугандарынын жана солто уруусунун атактуу инсандарынын да Мавзолей-комплекстери орун алган. КР УИАнын Тарых институтунун окумуштуулары «Боз-Бөлтөк» тоосун жана анын тегерегин изилдеп, Байтиктин Мавзолей-комплекси кыргыз элинин тарыхын чагылдырган, бай тарыхый, архитектуралык эстелик-комплекс болуп эсептелээрин аныкташкан. Бул жер сакралдык жана тарыхый мааниси жогору, элибиздин руханий ыйык мурасы катары сактоого муктаж деген бүтүмүн жарыя кылган.

Мектептин ордуна мамлекеттик резиденция салынган

Байтиктин Чүйдө таасири чоң болгондуктан, кийинчерээк анын атасы Канайдын журтуна караштуу жерлердин көбү Байтиктин аты менен аталып кеткен. Мисалы: Байтиктин журту, Байтиктин туулган жери, Байтиктин Боз-Бөлтөгү, Байтиктин Кароол дөбөсү ж.б.у.с. Бирок, ошол эле учурда, анын аты менен байланыштуу айрым жер аттары элдин эс тутумунан унутулсун деген таризде, Байтик баатырдын үйү жана ал өзү салдырган мектептин ордуна мамлекеттик резиденция курулган, ал эми баатыр төрөлгөн жерге заңкайган «Ысык-Көл» мейманканасы тургузулган. Дагы бир кызык нерсе, айтылуу Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрлүк жары Байтик баатырдын небереси болгон экен.

Элдин биримдигинин символу

Мамлекет өткөрүп жаткан Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесинин негизги максаттары – анын мурасын сактап калуу, жолун улантуу, элди урууга, улутуна бөлбөй, тескерисинче ынтымакка, биримдикке чакыруу деп тартынбай айтсак туура болот.

Бүгүн мезгилдин талабы кыргыздын Байтик баатырдай инсандарын таптык көз карашта эмес, жаңы изилдөөлөрдүн негизинде жаңыча образдарын ачып берүү болуп турат. Байтик баатыр кыргыз элинин азатыкка чыгышы үчүн күрөштүн жарчысы, тубаса дипломат, даанышман эл агартуучу, элди биримдикке, ынтымакка чакырган, көчмөндөрдүн отурукташуусуна жол ачкан инсан катары таанылышы абзел. Бул өңүттөн алганда, баатырдын элге кылган баа жеткис эмгегинен улам аны азаттыктын жарчысы жана элдин биримдигинин, ынтымагынын символу катары таанысак жаңылбайбыз.

Чүй жергеси – дайыма ынтымактын өргөсү жана үлгүсү болуп келген. Ата-бабаларыбыз көчмөн эл болсо дагы, салт-санаасын, тилин, дилин ардактап, улууну сыйлап, кичүүнү ызааттап, моралдык-этикалык нормаларын жогору коюп, турмуштун ар кандай агымында мамлекеттүүлүктү сактап келген. Бүгүн биз бабалардан калган ошол салтты улантып, жаркын келечекке жол ачып жатабыз деп билебиз.

Байтиктин боз-бөлтөгүн сактап калалы

Калыстык үчүн айтайын, акыркы 30 жыл ичинде Байтиктин Боз-Бөлтөгүнө өзгөчө кечирилгиз карасанатайлык саясат жүрүп келди. Бийлик структуралары бул ыйык эсептелген тоодон шагыл таш казуу иштерине 37 компанияга лицензия беришкен. Ошонун негизинде «Боз-Бөлтөк» тоосун талкалоого жол берилип, жеке компаниялар бул тоону казып, жок кылып жатат. Бул жерде жеке кызыкчылыктар да чоң роль ойноду.

Бул маселе Байтиктин Боз-Бөлтөгүнүн тегерегинде жайгашкан айылдар менен тоону казып жаткан компаниялардын ортосунда көптөгөн карама-каршылыктарды жаратты. Боз Бөлтөктө жана анын тегерегиндеги айылдарда социалдык көйгөйлөрдүн чечилбеши Бишкек шаарынын үстүңкү бөлүгүндө көйгөйлөрдү жаратты.

2018-жылы күзүндө эл чогулуп, атайы курултай өткөрүп, Байтиктин Боз-Бөлтөк тоосун каздырбай сактап калуу боюнча резолюциянын негизинде чечим кабыл алынган.

2019-жылы КР УИАнын Биология институтунун жана Байтик айылдык кеңешинин биргелешкен атайы изилдөөлөрүнүн негизинде «Боз-Бөлтөк» тоосунда кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар бар экендиги аныкталган. Бул өсүмдүктөр жана жаныбарлар тоонун ошол казылып жаткан карьерлер жайгашкан бөлүгүндө жашашат. Бүгүн булардын баары жок болуп кетүү коркунучуна кабылууда.

Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институту бир канча жолу Байтик айыл өкмөтүнө, КР Мамэкотехинспекциясына, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигине атайы кат менен кайрылып, казуу иштери Боз-Бөлтөк тоосунда өсүп жаткан кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн жок болуп кетишине коркунуч алып келип жатканын эскертип жазганы менен эч майнап чыккан жок.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан КР укуктук-ченемдик актыларынын негизинде «Адаль-Стиль» жоопкерчилиги чектелген кен байлыктарды колдонуучу бирикмесинин мисалында Аламүдүн районунун мамлекеттик органдары, Чүй областы боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агентствосу тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги тарабынан күбөлөндүрүүчү документтерди жана корутундуларды берүүдө «Кен байлыктар», «Айлана-чөйрөнү коргоо», «Экологиялык экспертиза» мыйзамдарын бузуусу аныкталган.

Ошондуктан, КР Президинти тарабынан 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялангандыгынын негизинде, Байтик баатырдын 200 жылдыгын майрамдоодонун алдында ар кандай пикир келишпестиктер жана чыр-чатактардын алдын алуу жана мааракени татыктуу өткөрүү, бул багытта бийлик органдарына ар тараптуу жардам берүү максатында Аламүдүн районунун элинин макулдугу жана колдоосу менен 2022-жылдын 18-июнунда «Байтиктин Боз-Бөлтөгүн коргоо» кыймылы түзүлдү. Бул кыймылдын негизин «Байтик баатыр Боз-Бөлтөк тоосун сактоо» фонду, «Ай тамга» коомдук фонду, «Сары өзөн Чүй» коомдук бирикмеси, «Канай» коомдук уюму, «Түлеберди» коомдук уюму жана Байтик, Жал, Таш-Төбө айыл аймактарынын тургундары түздү. Байтиктин Боз-Бөлтөгүн сактап калуу боюнча ушундай иштерди алып барып жатабыз.

Булак: Эркин Тоо гезити

Последние новости