www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта дайынсыз болуп жаткан кыз Таластан табылды

Ноокатта дайынсыз болуп жаткан кыз Таластан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан Ноокат районунун 2008-жылы туулган тургуну 4-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат таратылган.

Дайынсыз болуп жаткан кыз 8-март күнү Талас шаарындагы видеокамералардын бирине түшүп калган. Мындан улам Ноокат РИИБдин жана Талас ОИИБдин кызматкерлери облус аймагында издөө иштерин күчөткөн.

Дайынсыз болуп жаткан кыз 13-мартта Бакай-Ата районунан табылып, жакындарына өткөрүп берилди.

Последние новости