www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин депутаттарына кызматтык автоунаа берилиши мүмкүн. “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 11-мартта кол коюп, ал 14-мартта “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитине жарыяланды.
Документте депутаттарга кызматтык машине берүүнүн тартибин Министрлер кабинети аныктай турганы, ал эми аны колдонуу Жогорку Кеңештин жобосу менен бекилери жазылган. “Депутаттар ыйгарым укуктарын аткарууга менчик автоунаасын да пайдаланса болот” деп белгиленген.
2022-жылы Жогорку Кеңештин аппаратынын түзүмүн караган жабык жыйында депутаттардын жардамчысы жана бирден кеңешчиси гана калтырылган. Андан тышкары Дастан Бекешевге гана кошумча дагы бир жардамчы жана кызматтык автоунаа берилген.
Садыр Жапаров 2021-жылы Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармалыгын бириктирген. Мамлекет башчынын бул жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин баштагандан кийин бир катар депутаттар парламенттин иш башкармалыгы өзүнчө болушу керектигин айтып, аны депутаттар муктаждыктарын өз алдынча чече албай калары менен түшүндүрүшкөн. Ошондой эле кызматтык автоунаа маселеси утур-утур көтөрүлүп келаткан.
Садыр Жапаров буга жооп берип, президенттин иш башкармалыгы бардык бийлик бутагына бирдей кызмат кыларын билдирген.